Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда

Sputnik
Учурда өлкөдө альвеококкоз, эхинококкоз оорулары абдан көбөйүп кеткенин «Ачык Кеп» программасынын мейманы академик Рахатбек Оморов билдирди. Анын айтымында мурда жылына 10дун тегерегинде гана операция жазалса, учурда 300дөн өйдө ар кандай операция жасалат. Эхинококкоз менен альвеококкоздун айырмачылыгы, кооптуулугу, кесепети, ооруну таратуу жолдору тууралуу бир катар суроолорду узатып жооп алдык.
Бул ооруларды алдын алуунун башкы жолу эле гигиена, тазалык, касапканалардын эрежени сактоосу жана ит-мышык багууда дары берип, убагында дарылатып туруу. Ошону менен катар ар бир адам жылына бир жолу УЗИге түшүп турушу керек.