2024 жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 1,3 миллард сомго көбөйүп, жалпы 7,1 миллиард сомду түздү. Калктын каржылык сабаттуулугу, жарандардын банк системасына болгон ишеними, дедолларизация саясаты тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев маалымат берди.