Улуттук банк кечээ валюта рыногунда 88 млн. доллар сатты

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Улуттук банк валюта рыногунда 88 миллион доллар сатты.
Бул Улуттук банктын декабрдагы алгачкы интервенциясы. Ал валюта курсунун чайпалуусун алдын алуу үчүн доллар сатып жана сатып алат.
Дүйшөмбү эртең мененкиге салыштырмалуу доллардын курсу дээрлик өзгөргөн жок. Банктарда 87,15 сом, акча алмаштыруучу жайларда 87,2 сомдоун болууда.
Жыл башынан бери Улуттук банк 13 жолу валютаны (369 миллион 850 миң доллар) сатып алып, 11 жолу (570 миллион 850 миң) сатты.
"Айкөл Манас" коллекциялык алтын монетасы сатыкка чыгарылды. Сүрөт