БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. ТИМ Сириядагы Кыргызстан жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
Министрлик аталган өлкөдөгү кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда.
"Министрлик Сириянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын көңүлүн коопсуздук чараларын сактоо зарыл экенин айтат. Кырдаал турукташканга чейин жарандарга Сириядан чыгып кетүүнү сунуштайт", — деп айтылат маалыматта.
Зарыл болгон учурда кеп-кеңеш же жардам алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:
Кувейттеги элчилик: +965 517 021 80;
Түркиядагы элчилик: +90 545 689 68 00.