Эркиндикти туу тутканбыз. Президент Адам укугун коргоо күнүнө карата кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргыз эли байыртадан эле адамдык ар намысты, эркиндикти, жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү туу тутуп жашаган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 10-декабрь — Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусунда айтылган.
Анда адам укуктары ар бир адилеттүү коомдун негизги тиреги экени жана өлкө Конституциясы, мыйзамдары менен мамлекеттик башкаруу системасы пайдубалы адам укуктарынын корголушуна негизделип түптөлгөнү айтылган.
"Кыргыз эли байыртадан эле адамдык ар намысты, эркиндикти, жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү туу тутуп жашап келгендиги баарыбызга жакшы маалым. Тарых-таржымалыбызда, дөөлөт-мурастарыбызда улуттар аралык ынтымакка, достукка, ишенимге жана кызматташтыкка өзгөчө маани берилгендигин көрүүгө болот. Бизде ар бир жарандын этностук, маданий же улуттук таандыгына карабастан, тең укуктуулук, урматтоо жана укуктарды коргоону камсыздоо негизги ролду ойногон", — деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле ал адам укуктары менен эркиндиктерин жана укуктук мамлекеттин негиздерин биргеликте бекемдөөгө чакырган.
Радио
Акыйкатчы: укук коргоо органдарынын ишине нааразычылык бар