Путин: "Орешник" өзөктүк куралды колдонуу зарылдыгын азайтат

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россиянын "Орешник" ракеталык комплекстеринин пайда болушу өзөктүк куралды колдонуу зарылдыгын азайтат. Бул тууралуу Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, РФ лидери Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо кеңешинин мүчөлөрү менен видео байланыш аркылуу жыйын өткөрүп, анда "Орешникке" да токтолгон.
"Биз өзөктүк доктринаны катаалданткан жокпуз, аны жакшыртып жатабыз. Эми биз азыр өзөктүк доктринаны эмес, "Орешникти" өркүндөтүшүбүз керек. Карап көрсөк, мындай заманбап курал системасы жетиштүү көлөмдө болсо, өзөктүк куралды колдонуу зарылдыгы азаят ", — деген Путин.
“Орешник” Беларуска да жайгаштырылат. Путиндин Минскиде жасаган билдирүүсү