БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешиндегилер Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо, жай жарандарды коргоо маанилүү деген маселеде "аздыр-көптүр" бир пикирде болуп турат. Бул туурасында РФтин БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдиргенин РИА Новости жазды.
"Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо, жай жарандардын коопсуздугун коргоону камсыздоо боюнча маселеде Кеңеш аздыр-көптүр бирдиктүү болду деп ойлойм", — Небензя жуналисттерге маалымат берип жатат.
Ал Сирия боюнча маселеде сүйлөшүү, талкуу оң маанайда өткөнүн белгиледи.
"Кеңештин аталган темада документти иштеп чыгышы туурасында сүйлөштүк. Буга бүгүн эч ким даяр болгон эмес, бирок жакынкы күндөрү көп кеч калбай эле аны көрүп калабыз", — деген Небензя.
Өкүл аталган өлкөдөгү болуп кеткен кырдаал БУУдагылар, Кеңештин мүчөлөрү үчүн күтүүсүз болгонун кошумчалады.