БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеографы Акбар Акжигитов жасалма интеллектиге кантип туура суроо берүү керектигин айтып берди.
Ал SpunikPro долбоорунун алкагында "Жасалма интеллект, нейротармак жана телефонго видео тартуудагы кеңештер" аталышындагы мастер-класс өттү.
Адистин айтымында, соңку убактарда жасалма интеллект ишти кыйла жеңилдетип, айрым учурда идея жаратууга да көмөктөшөт. Бирок ал үчүн туура суроо бергенди өздөштүрүү шарт. Анткени көптөр туура эмес суроо берип, ошого жараша деталдуу жана толук жооп алышы ыктымал.
"Жөнөкөй мисал: апаңызга жаңы жылга кандай белек берүү керектигин сурайсыз. Жасалма интеллект бир нече вариант сунуштап, 10 беттен ашык текст менен жооп кылат. Анткен менен жасалма интеллектиден кандай белек берүү керектигине апаңыздын табитин, коротула турган бюджеттин суммасын, ошол эле учурда белек оригиналдуу жана пайдалуу болушу керектигин кошуп жазсаңыз, ыңгайлуурак жооп аласыз", — деди ал.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.