БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Tunduk тиркемеси аркылуу бир катар документтерди экинчи ирет онлайн алууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми жарандар никени каттатуу жана бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү боюнча күбөлүктү, ошондой эле өлгөндүгү боюнча маалымкатты аралыктан алса болот.
Бул документтерди алуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо зарыл:
кызматты тандаңыз;
күбөлүктүн түрүн тандаңыз;
керектүү маалыматтарды киргизиңиз;
жеткирүүнү тандаңыз (зарыл болсо);
сүрөт идентификациясынан өтүңүз;
булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз;
жооп алгандан кийин акчасын төлөңүз (MegaPay менен төлөсө болот);
Күбөлүктү жеткирүү баасы 142 сомду түзөрү кошумчаланды.