БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. ФСБнын ДЭР боюнча башкармалыгы фашисттик жазалоочу баскынчылардын Донбасста 1941-1943-жылдардагы советтик жарандарды кырып, кыйнаганы боюнча документтерди таап, алардын сырын ачты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашканын РИА Новости кабарлады.
"Баскынчылардан түзгөн жазалоо органдары коммунисттерди, советтик активисттерди, партизандарды жана жай жарандарды кырган. Бул жүрөк үшүткөн иштерге Динкель Александр Густавович жана Пономарев Иван Андреевич дегендер активдүү катышкан. Динкель оккупацияланган жерлерде полициянын жазалаган "ишмердүүлүгүн" жетектеп, кол адындагы Пономарев жана башкаларына советтик жарандарды камоо, атып өлтүрүүгө буйрук берип турган. Нацисттердин жырткычтык иштерине өзү да катышкан", — деп айтылат маалыматта.
Жарыяланган документтердин арасында сөөктөрдү алып чыккан, күнөөлөнгөндөрдү, өлүмгө буйрулгандарды суракка алган протоколдор да тиркелген.
Алардын арасында 1941-жылы сентябрда Александров районундагы Ново-Бахметьево кыштагында Динкель немецтер менен биргеликте 36 кишини үйүнөн айдап чыгып, атып салышканы тууралуу жазылып жүрөт. Ушул эле жылдын ноябрында Софиевка селосунда Карпенко жана Гончаров аттуу активисттерди кармап, суракта катуу сабап, андан соң атып өлтүрүшкөн. Ушул эле айда Марьинка, Александровка кыштактарында Кругляка, Попченко, Шало деген адамдар да ушундай тагдырга туш болгону айтылган.
"Без срока давности" деп аталган долбоордун алкагында ФСБ башкармалыгы канкорлордун Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Донбасстагы жай жарандарга карата кылган мыкаачылыктары боюнча жазылгандарды архивдик документтерден алып анализдөө иштерин жүргүзүп жатат.