БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Мамлекеттик цирк бир аптада 5,3 миллион сом пайда тапты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал цирктин абалы начар болгонун эске салып, президент капиталдык ремонттон өткөрүү тапшырганын белгилеген.
"Шарты түзүлгөндөн кийин келгендердин саны дагы өсүп, ага ылайык кирешеси көбөйүп, бир аптада эле миллиондорду таба баштады. 1-декабрдан 8-декабрга чейин цирк таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапты. Анын ичинен өлкөдө жайгашкан компания арендага алып 1 миллион 360 миң төлөсө, 4 миллион 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн. Мурда киреше тапкан эмес, банкроттук абалда эле. Азыр билет сатуулар дагы санариптештирилип, көзөмөлгө алынган", — деп жазган Орунбеков.
Ошондой эле ал айдын аягына чейин 13 миллион 312 миң сом пайда түшөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде 40 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп, жакында ишке берилген.