БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Батыштагылар ызы-чууну күчөтө берсе Вашингтон ойлогондой Россия алсырабайт, бирок Батыштын өзүнүн стартегиялык кыйроосун тездетет. Бул тууралуу РФ Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин "Разведчик" журналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Жетекчинин айтымында, Батыш Россия менен акыркы украиналыкка чейин согушууга ниеттенип жатат, алар калбай калганда прибалтикалыктарды, чыгыш европалыктарды, келечекте немецтерди да кандуу кагылышууга тартат.
"Бирок мындан аркы абалды курчута берүү аракети Вашингтон ойлогондой Россияны алсыратпастан, тескерисинче, Батыштын өзүнүн стартегиялык кыйроосун тездетет. Мен муну ишенимдүү айта алам", — деди Нарышкин.
"Санкцияга, активдерибиздин уурдалышына карабай россиялык экономика илгерилеп жатат, керек болсо жогорку технология тармагындагы импорт алмаштырылууда. Жаңы соода жолдору пайда болуп, Батышка теишеси жок мамлекеттер менен, биринчи кезекте Чоң Евразия өлкөлөрү мамиле мамиле чыңдалууда", — деди Нарышкин.
Анын айтымында, Россияны чайпалтуу аракетинен да майнап чыкпайт, анткени эл Батыш менен каршылашуунун куну эркиндик менен өлкөнүн көз карандысыздыгы экенин жакшы түшүнөт.