Тоого бай Кыргызстанды кышкы туризмдин мекенине айлантуу үчүн эмне кылуу керек?

Sputnik
Кычыраган кыш келди. Бул мезгил өзүнүн сууктугу, ак кар, көк музу менен эле айырмаланбай, ошону менен катар эс алуунун өзгөчө түрлөрү менен дагы айырмаланып турат. Кимдир бирөө көк муз үстүндө чимириле жылгаяк тебүүнү жактырса, кимдир бирөө кар сапырылтып лыжа тебүүнү жактырат. Бул мезгилди сагынып күткөндөр дагы аз эмес.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлойбүз” программасынын алкагында дал ушул кышкы туризм тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Туризм департаментинин укуктук камсыздоо жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Тойчуев жооп берди.