Салык кодексине кирип жаткан өзгөрүүлөр ЕАЭБдин талаптарына толук жооп берет

Sputnik
Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коомчулук арасында кызуу талкууда турган учуру. Андагы айрым сунуштар салык төлөөчүлөргө жакпаса, кээ бирлерин колдоп жатышат. Мисалы ошол эле беш багыт боюнча кошумча салыкка болгон жеңилдиктин алынышы, акциздерге айып пулдун күчөтүлүшү сыяктуу маселелер элдин бүйүрүн кызытууда. Канчалык бул өзгөрүүлөр жөндүү?
Салык кызматы жыл сайын мындай өзгөрүүлөрдү киргизип отурса салык чогултуучу эмес эле, жазалоочу органга айланып кетпейби, деген суроолор менен биз бүгүнкү “Күн башат” программасын уюштурдук.