ЖККУ парламентарийлери нацисттик кылмыштарды актоо аракеттерин сындады

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУнун Парламенттик ассамблеясы нацисттерди жана алардын үзөңгүлөштөрүн реабилитациялоо аракеттерине тынчсыздануусун билдирип, алардын кылмыштарын актоого багытталган аракеттерди сынга алды. Бул тууралуу Москвада өткөн жыйындын соңу менен кабыл алынган кайрылууда айтылган.
"Биргелешкен аракеттер эл аралык коомчулукту нацизмдин кайра жанданышынан коргоп, азыркы жана келечек муундар үчүн маанилүү баалуулуктарды сактап калууга өбөлгө түзөт", — деп айтылат документте.
Парламентарийлер ошондой эле баатырлардын урматына коюлган эстеликтерге сый мамиле жасоого жана аларды сактоого чакырышты.
Кайрылуу уюмга мүчө өлкөлөрдөгү калкка жана дүйнө парламентарийлерине багытталып, Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.
Ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуш адамзат үчүн чоң трагедия болгону, ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жеңишке эбегейсиз салым кошкон көп улуттуу совет эли үчүн оор сыноо экени белгиленди. Парламентарийлер бул тарыхый окуялар унутулбай, бурмаланбай сакталууга тийиш экенин кошумчалашты.
Жакынкы Чыгыш чоң согуштун босогосунда турат. ЖККУ ПАсы тынчсыздануусун билдирди