Жакынкы Чыгыш чоң согуштун босогосунда турат. ЖККУ ПАсы тынчсыздануусун билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУ Жакынкы Чыгыштагы абал боюнча тынчсыздануусун билдирди. Тиешелүү кайрылуу уюмдун Парламенттик ассамблеясынын Москвадагы кеңешинде кабыл алынган.
Анда Палестина — Израиль жана Ливан — Израиль жаңжалдарынан улам Жакынкы Чыгыш аймактык чоң согуштун босогосунда турганы жазылган.
"Бир жылдан ашуун убакыттан берки кан төгүүнү токтотуу үчүн эл аралык коомчулуктун чечкиндүү аракеттери зарыл. Палестин-израиль жаңжалынын чечилбей жатышы жалпы аймакты туруксуздукка кептеп, Газа тилкесиндеги кризис Ливан менен Израилдин чек арасындагы кырдаалдын олуттуу начарлашына түрткү болду", — деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле борбору чыгыш Иерусалим болгон 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү жаңжалды жөнгө салууга мүмкүндүк түзөрү айтылган.
Ал эми Ливан боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1701 (2006) резолюциясын так аткаруу зарылдыгы кошумчаланган.
ЖККУда талибдер туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин далилдегени айтылды