БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Владимир Зеленский согушту токтотуп, кепке келүүнү кааларын айтты. Бул туурасында РИА Новости New York Post басылмасына шилтеме кылып жазды.
"Тынчтыкка келүүнү каалайт (Зеленский — ред.). Бул жаңы көрүнүш... Ал согуш оту өчкөнүн каалайт... Майда-чүйдөсүн талкуулаган жокпуз. Ал убактысы келди деп ойлойт экен", — деген Трамп Зеленский менен Парижде жолуккандан кийин.
Трамп буга чейин Зеленский менен Украина "макулдашууга келүүнү каалайт" деген маанайда билдирүү кылып, диалогго барып, согушту токтотууга чакырган.
Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмиртрий Песков Москванын Трамптын билдирүүсү менен таанышып чыкканын билдирди. Ал Владимир Путин кепке келүүнүн шарттарын айтканын, бирок Украина диалогдон баш тартуусун улантып келгенин белгилеген.
Песков Зеленский мурда чыгарган — сүйлөшүүгө тыюу салган декретин "азыркы реалдуулукту, дүйнөдөгү кырдаалды эске алып, Стамбул келишиминин негизинде" жокко чыгарып жана сүйлөшүүнү жаңылоого буйрук бериши керектигин айткан.
Июнда Путин Украина Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе, Москва ок чыгарууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даяр болорун билдирген. Мындан сырткары, Киев НАТОго кирем дегенден алыс болуп, демилитаризация, денацификация жүргүзүп, аны менен кошо блоктон тышкаркы, ортодо, өзөктүк куралы жок деген макамда турушу керектигин белгилеген.