Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, оорулардын 50 пайызы туура эмес тамактануудан келип чыгат. Ал эми калган 40 пайызы айлана-чөйрөдөн жана жүрүм-турумубуздан болсо, 10 пайызы дарыгерлердин катачылыгы. Бул тууралуу Бермет Журупова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адамдардын көпчүлүгү курсак тойгузуу үчүн тамактанышат, бирок бул туура эмес.
"Биз тамактан организмге керектүү заттарды алабыз. Адамдын организми 600гө жакын химиялык заттан турат, анын ар биринин аткарган ролу бар. Аны биз тамактан гана алгандыктан режимди сактап туура тамактануу керек. Адам тамактанууда курсак тойгузуу үчүн эмес, жеп жаткан азыгы организми үчүн кандай пайда келтирерин ойлонушу абзел. Суукта же кайсы мезгил болбосун диета кармап, организмге заттын барышына чектөө коюу туура эмес. Эгер адамга катуу чектөө кирсе, көп болсо бир ай чыдайт, аткарат. Анан кайра баягы абалына түшөт. Ошондуктан көпчүлүгү ашыкча салмактан жабыркашат. Тескерисинче, адам тамактануу адатын жакшыртып, рационалдуу азыктанууга аракет кылуусу зарыл. Анын ичинен суу ичүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле жасап жаткан жумушубузга карап дагы тамактансак туура болот. Мисалы, көп кыймылдабаган, көбүнчө отуруп иштегендер бир күндө 2000 килокалорияга чейин гана тамактанууга аракет кылышы керек. Организмге белок, углевод жана пайдалуу майы бар азыктарды кабыл алуу туура. Керектүү витаминдер менен толуктоо үчүн жашылчалардын, мөмө-жемиштердин өлчөмүн көбөйтүү зарыл. Ошондо биздин организм күч-кубаттуу болуп, көп оорулардан алыс болот", — деди Журупова.
Ал ошондой эле тондурулган жана кургатылган азыктарда тамак-аштын баалуулугу жогору болорун кошумчалады.