БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстанда октябрдан бери грипптин кооптуу түрү болгон чочко тумоосунун (H1N1pdm) эки учуру аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ошондой эле бир жума ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 7 335 учуру жана коронавирус менен ооруган бир бейтап катталган. Ал эми октябрдан бери COVID жуктургандардын саны 15ке жетти.
Министрлик өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин белгиледи.
Чочко тумоосунун белгилери:
баштын жана булчуңдардын оорушу;
дем алуу органдары жабыркайт (кургак жөтөл, мурундун агышы, ангина, абанын жетишсиздиги);
дене табынын 38-39 градуска чейин жогорулашы;
алсыроо;
оорунун тез күчөп кетиши.