БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров болду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аны мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотуп, аталган кызматка бекиткен жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Сабиров 2011-2012-жылдары да бул министрликти (ал кезде Социалдык өнүктүрүү министрлиги деп аталган — ред.) жетектеген. 2012-жылдын июлунда пара алууга шектелип кызматынан бошотулган. 2013-жылдын мартында Бишкек шаардык соту Сабировду мүлкүн конфискациялоо менен беш жыл эркинен ажыраткан. 2014-жылы амнистия менен бошотулган. Бирок кийин бир канча мамлекеттик кызматтарды аркалаган.