Транспорт министрлигинен 5,7 млрд. сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен 5,7 миллиард сомдон ашык финансылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каржылык бузуу мекеменин 2023-жылдагы бюджетинин аткаруусуна тиешелүү.
"Мыйзам талаптары сакталбастан "Кыргызавтожол" ишканасы тарабынан 2,5 миллиард сомго жол техникасы жана жабдуулар сатып алынган. Мунун 1,2 миллиард сому 2023-жылы которулган. Мындан тышкары Жол фонду 969,7 миллион сомду колдонбой калса, 29,1 миллион сом максатсыз пайдаланылган. Ошондой эле кызматкерлерге 814,7 миң сом негизсиз төлөнүп, 160 миң сомго кеңсе товарлары жана материалдар ашыкча алынган", — деп айтылат маалыматта.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилгени кошумчаланды.
Эсеп палатасынын үлкөн аткаминери эки инспектору менен кармалды. Чоо-жайы