"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. "Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу автоунаалар 9:00дөн татып өткөрүлө баштаган.
"Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 9-декабрда саат 09:00дө алынды", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, убактылуу чектөө кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу 8-декабрда киргизилген.
Кыштын келгени сезилет. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу