Талас жана Сибирдин окумуштуулары суудагы мунайды тазалаган "губка" ойлоп табышты

Разработка ученых из КР и РФ губки поглощающей нефть с поверхности воды
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Сибирь федералдык университети жана Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулары Арктикада суу бетине төгүлгөн мунайды тазалай турган "губка" ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, мунай продуктулары суу бетин каптаганда кычкылтек, жарык жана жылуулукту өткөрбөгөн пленка пайда болуп, микроорганизмдерге зыянын тийгизет. Ошондой эле бир тонна нефть 10 мүнөттүн ичинде 12 чарчы чакырым аянтты капташы мүмкүн экени айтылган.
"Материал суу бетинен 90-98 пайызга чейин мунай продуктуларын өзүнө сиңирет. Ал 40 градус ысыкка чейин жарактуу. Кийинчерээк чирип жок болгондуктан экологияга зыянсыз. Аталган "губкада" арктиканын топурагына керектүү заттар болгондуктан аймактагы өсүмдүк жана бактериялар үчүн азык болот", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бир грамм "губка" 19 грамм нефтини сиңире алары кошумчаланган.
Кыргызстандын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму “Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Россиянын маданий жана илимий кызматташтыгы”
Москвада КР менен РФтин интеллигенция өкүлдөрү кызматташтыкты талкуулады