Сот Райым Матраимовго 100 миң сом айып салуу өкүмүн чыгарды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Райым Матраимовго 100 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
Матраимов айыбын мойнуна алып, материалдык зыянды төлөп бергенинен улам сот аны эркинен ажыратпаганы белгиленди.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары жазында кармалып, бир катар, анын ичинде оор кылмыштар боюнча айыпталган. Андан кийин абактагы мөөнөтү улам узартылып отуруп, 13-ноябрда эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулган.
Кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шектүү бюджетке 200 миллион доллар (17 млрд сом) төлөгөндөн кийин үй камагына чыкканын маалымдаган.
Райым Матраимовдун "Эрем" клубу Ош шаарынын мэриясына өттү