БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Монголиянын батыш аймагындагы байыркы күмбөздөн кыргызга тектеш аялдын мумиясы табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы монгол жана түрк изилдөөчүлөрү Батыш Монголиянын эски көрүстөндөрүнүн биринен аялдын мумиясын тапкан. Ал экспертиза жүргүзүү үчүн АКШга жөнөтүлүп, илимдеги R1az93 гаплогруппасына таандык экени аныкталган. Бул гаплогруппа кыргыздардын көпчүлүгүнө тиешелүү. Учурдагы кыргыз элинин 63%дан 68%га чейинки бөлүгү R1az93 группасына таандык.
Элчи бул азыркы кыргыздар менен ошол мумиянын ата жагынан бир экенин, мумия IX-X кылымга таандык (1100-1200 жыл мурдагы мумия) экенин белгилеген.