БИШКЕК, 9-дек. – Sputnik. Кыргызстандын абрикосунун экспортунун дээрлик бардык көлөмү ЕАЭБ өлкөлөрүнө кетет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өлкөдөн 22 миң тоннага жакын абрикос сатылган.
"Кыргызстандын абрикосу негизинен Россияга (17 050 тонна), Казакстанга (5 476 тонна) жана Беларуска (0,1 миң тонна) сатылган", — деп айтылат маалыматта.
Өрүктүн көбү Баткен жана Ысык-Көл облустарында өстүрүлөт.
"Кыргызстандын өрүктөрү өскөн климатына, рельефине жана топуракка байланыштуу таттуу. Мындан тышкары, алар чоң жана ширелүү", — деди министрлик.
Мекеме абрикостор химиялык жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонбостон өстүрүлгөндүктөн, экологиялык жактан таза мөмө экенин белгиледи.