Түркия президенти: дүйнөдө эки тажрыйбалуу саясатчы бар — Путин менен Эрдоган

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Газиантеп шаарында жаштар менен жолугуп саясий айдыңдагы жолунун узактыгы жана тажрыбайсынын молдугу боюнча дүйнөдө эки гана саясатчы бардыгын, алар — өзү жана Владимир Путин экендигин айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Лидерлер тууралуу айтсак... Дүйнөдө мен жана Путин мырза гана калды. Силердин алдыңарда турган кишиники 22 жыл (саясаттагы жолу — ред.), урматтуу Путиндики да ошого барат", — деген Эрдоган.
Ал жакынкы эки-үч ай Түркия жана дүйнө үчүн "өтө маанилүү" болорун белгилеген. Эрдогандын айтымында, мындан улам Анкара зарыл деген чараларды көрүп жатат. Мамлекет башчы ал эмне кадамдар экендигин ачыктаган жок.
Владимир Путин Россиянын өкмөтүн 1999-жылдын августунан тарта жетектеп баштаган, ал эми 31-декабрда президентттин милдетин аткарууга киришкен. 2000-жылдын май айында инаугурациясы болгон. Баш-аягы Путиндин чоң саясатта жүргөнүнө 25 жылга жакындады.
Казандагы БРИКС саммити
БРИКС күндөлүгү: Путин менен Эрдоган эмнелерди сүйлөштү. Урунттуу учурлар