Радио

Мамытов: ЕАЭБдин бирдиктүү финансы рыногу бардык тарапка ыңгайлуу

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов ЕАЭБдин бирдиктүү финансы рыногун түзүү элдин жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзөрүн айтты.
Sputnik
ЕАЭБдин бирдиктүү каржы рыногу уюм ичинде эркин иш алып барууга жол ачкандыктан, анын пайдасын биринчи эле карапайым калк, анан ишкерлер көрөт. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин бирдиктүү финансы рыногун түзүүнү токенизациядан баштоо керек.
"Евразия экономикалык рыногунун бирдиктүү финансылык рыногун түзүүдө жагдайды жайлаткан бир топ факторлор бар. Алардын бири банк системасы. Банктар азыр атаандаштыктын жоктугунан өз бийлигин жүргүзүп турган чак. Ошондуктан бирдиктүү финансылык рынок түзүүдө ымалага келишип, мамлекеттер менен иштешүүдө бир топ тоскоолдуктар жаралышы ыктымал. Бул жыйынтыгында бирдиктүү рынокту түзүүнү жайлатат. Ошондуктан ЕАЭБдин бирдиктүү финансылык рыногун токенизацияны (активдерди санарип акчага айлантуу системасы — ред.) колдонуу керек. Бул биринчиден, заман талабы, экинчиден, банктарга атаандаштык жаратып, аларды ийкемге келтире алчу рычаг болуп бере алат", — деди Мамытов.
Ал ЕАЭБдин бирдиктүү финансылык рыногу биржалар аркылуу дагы жайылышы зарылдыгын кошумчалады.