“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы

Sputnik
Биз “Экономикалык панорама” уктуруусунун алкагында бир гана бул жааттагы жаңылыктар эмес, өлкөлөрдүн өнүгүү тарыхына да токтолуп келебиз. Бул чыгарылышында Түркия мамлекети тууралуу сөз болмокчу. Түркиялыктар журт атасы катары көргөн реформатор Кемелдин жүргүзгөн саясатынын негизинде экономикасы өнүгүү жолуна түшкөн Түркия, учурда бир аз кризиске батып тургандай сезилет. Мунун себеби эмнеде? Чындыгында эле өлкөдө экономикалык кыйынчылыктар башталдыбы? Түркия экономикасынын күчү жана алсыз тармагы кайсылар? Биз бул суроолорго бүгүнкү чыгарылышта жооп издеп көрдүк.