Өлкөдө 25-ноябрдан тарта зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк жүрүүдө. Иш-чара коомчулукта үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерди жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюуга коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт. Быйыл 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп катталган.
Аялдарга карата зомбулуктун азайбай келишин негизги себептерин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Эрмек Матиев айтып беришти.