Кыргызстанда сүт азыктарын жасоо жолго кандай коюлган? ЕАЭБ аймагында атаандаштык жарата алабы?

Sputnik
Сүт азыктары Кыргызстанда өзгөчө бааланат, өзгөчө орунда турат. Улуттук макамындагы азыктар, суусундуктар тизмесине көз чаптырсак дагы көпчүлүгү дал ушул сүттөн жасалган. Кымыз, айран, сүзмө, каймак деп тизмелесек узара берет. Бүгүнкү “Күн башат” программасынын алкагында өлкөдө дал ушул сүт азыктарын өндүрүү жана экспортоо тууралуу маек курдук.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Табалдиев жана "Жайыл милк" сүт өндүрүш заводунун башкы директору Назар Асанбеков жооп берди.