БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 10-декабрь, шейшембинин биринчи жарымында айрым жерлерде кар жаап, экинчи бөлүгү ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Таласта -4...-9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1...-6, Ысык-Көлдө -2...-7, Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаада -4...-6, Ош шаарында -2...-4 градус төмөн түшөрү айтылды.