Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Украина сүйлөшүүлөрдөн баш тартууну улантууда

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Украина сүйлөшүүлөрдөн баш тартуусун улантууда жана позициясын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шарттарын мурда Владимир Путин жарыялаганын эске салды. Песков Россия Трамптын Парижде Макрон жана Зеленский менен жолугушкандан кийин жасаган билдирүүсүн карап чыкканын билдирди.
АКШнын жаңы шайланган президенти Зеленский менен Украинанын келишим түзүү каалоосу бар экенин айткан. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тез арада атышууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын белгиледи.
“Мен Владимирди(Путин – ред.) жакшы тааныйм. Анын ишке кирише турган маалы келди. Кытай жардам бере алат. Дүйнө күтүүдө!” — деп жазды Трамп Truth Social соцтармагындагы баракчасына.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украина боюнча Путинге кайрылуу жасады