Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украина боюнча Путинге кайрылуу жасады

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путинге Украина боюнча сүйлөшүү үчүн “ишке киришүү” убактысы келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Мен Владимирди(Путин – ред.) жакшы тааныйм. Анын ишке кирише турган маалы келди. Кытай жардам бере алат. Дүйнө күтүүдө!” — деп жазды Трамп Truth Social соцтармагындагы баракчасына.
Трамп шайлоонун алдында өлкө башчы болуп кала турган болсо чырды 24 сааттын ичинде токтото аларын билдирген. Май айында да Ак үйгө кайтып келсе, биринчи кезекте Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотууга жетишерин убада кылган.
Макрон, Трамп жана Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү жарым саатка созулду