БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жана Владимир Зеленскийдин Париждеги үч тараптуу жолугушуусу 35 мүнөттөй созулду. Аягында эч кандай билдирүү жасабастан Нотр-Дам соборуна өзүнчө барышканын Франс Пресс басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Ага ылайык, сүйлөшүүлөр Елисей сарайында Нотр-Дамдын ачылыш аземинин алдында өттү.
Лидерлер үч тараптуу жолугушуудан кийин Париждеги Елисей сарайынын короосунда кол алышкан.
Макрон социалдык тармакка үч тараптуу жолугушуунун сүрөтүн жүктөп, "биз тынчтык жана коопсуздук үчүн биргелешип күрөшүү аракетибизди улантабыз" деп жазган.
Макрон Трамп жана Зеленский менен өзүнчө да эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.
Сүйлөшүүлөр аяктаган соң президенттер 2019-жылы өрттөлүп, кийин кайра жасалган Нотр-Дам соборунун расмий ачылыш аземине барышкан.
Трамп шайлоонун алдында өлкө башчы болуп кала турган болсо чырды 24 сааттын ичинде токтото аларын билдирген. Май айында да Ак үйгө кайтып келсе, биринчи кезекте Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотууга жетишерин убада кылган.