БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы санарип доордун чакырыктарына ылайыкташып, ырааттуу өнүгүү жолунда баратат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров радио жана телеберүү кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.
Ал учурда басма сөз, радио уктуруу жана телекөрсөтүү менен катар интернет басылмалары, социалдык медиа коомдук пикирди калыптандырууда чоң роль ойноп жатканын белгиледи.
“Интернет маалымат каражаттарынын эң чоң айдыңына айланып жаткан маалда теле менен радио тармагы заманбап технологиянын жаңы жетишкендиктерин өздөштүрүү менен сапатын жогорулатууга, ыкчамдыгын арттырууга күч жумшоодо. Бүгүнкү күндө коомду агартуу жолу менен таасирдүү күчкө айланган теле-радио компанияларыбыздын чоң аудиториялары бар. Мына ошол аудиторияларды кармап калуу үчүн эл аралык тажрыйбаларды иликтөө менен теле-радиодо жасалган контентти өнүктүрүп, учур талабына тууралап, жаңы форматка ылайыктап чыгарууга өтөт деп ишенем”, — деди өлкө башчы.
Жапаров теле-радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, ар дайым элдин сый-урматында болушун каалады.