Кыштын келгени сезилет. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Жуманын башында көпчүлүк аймакта кар жаап, туман каптайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синопктиктердин 14-декабрга чейин берген маалыматында көпчүлүк аймактарда абанын температурасы төмөндөйт. Жуманын башында кар жаап, туман каптайт.
Бишкекте дүйшөмбү жана шейшембиде күндүз -6…-8, түндө -12…-14 градус болот.

Чүй, Талас

Аймактарда 9-декабрда күндүз жана 11-13-декабрларда жаан-чачын болбойт. Калган күндөрү жаан, кар жаайт. 9-10-декабрларда туман түшөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Облустарда 8-декабрда жана 9-декабрда түнкүсүн кар жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Ал эми 9-декабрда күндүз, 10-13-декабрларда, 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү туман түшөт. Жолдор тоңуп жана тайгак болот.

Ысык-Көл, Нарын

Түндүк региондорунда дагы күндүн көзү ачылбай жаан-чачын жаап, туман болот. Мындан 11-декабрда күндүз, 12-13-декабрларда жана 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Декабрда күн суугураак болобу? Бир айга жасалган божомол