Кыргызстандык эки боксчу Азия чемпионатында 2 коло медаль жеңди

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы Таиландда өткөн Азия чемпионатында эки коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мелдеш Чиангмай шаарында өткөн. Анда 60 килограммга чейинки салмакта Рыспек Бектенов жана 63.5 килограммга чейинки салмак категориясында Мирзохид Имамназаров 3-орунду ээлешти.
Чемпионатка 21 өлкөдөн 210 мушкер катышкан. Кыргызстандын курама командасын башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаев жетектеп барышкан.
Бивол Кыргызстандын бокс курамасынын башкы машыктыруучусуна сыйлык тапшырды