РФ ТИМи: Асад сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттиктен жана Сириядан кетти

Асад бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү тапшырмасын берген. Россия сүйлөшүүлөргө катышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Башар Асад Сириядагы жаңжалдын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин президенттиктен жана Сириядан кетти. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалым болгондой, Асад бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү тапшырмасын берген. Россия сүйлөшүүлөргө катышкан эмес.
РФтин Сириядагы аскердик базалары учурда жогорку даярдыкта. Азыр алардын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок.
ТИМ Россия Сирия оппозициясынын бардык топтору менен байланышта экенин белгиледи.
Сирияда учурда кырдаал тынч эмес. Өлкөнүн аскерлери Дамасктан чыгып кетип, борбордук телеканалдын имаратын куралданган оппозиция ээлеп алганын Al Jazeera ырастаган. Алар түз эфирге чыгып, мамлекетке көзөмөл орнотконун, Дамаскты башкарарын билдиришти. Өлкөдөгү кырдаалдан улам президент Башар Асад 8-декабрга караган түнү Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткени айтылган. Кийинчерээк Асад бараткан Ил-76 учагы радардан көрүнбөй калганын РИА Новости жазды.
ЖМК: Сириянын президенти Асад авиакырсыктан каза болушу мүмкүн