9-декабрга карата аба ырайы

9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаап, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -4…-9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…-6, Ысык-Көл жеринде -2…+3, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте -6…-8, Ош шаарында -1…-3 градусту көрсөтөт.
Кыштын келгени сезилет. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу