Кыргыз куудул өнөрүнүн эң маданияттуу куудулу Манас Алыкулов

Sputnik
Кыргыз куудул өнөрүнүн эң маданияттуу куудулу Манас Алыкулов 1989-жылы Нарындагы гастролдон кайтып келе жатышканда унаа бузулуп ара жолдо көпкө кармалып калышат. Ошондо курсагы ачып Оштун шорпосун эстеп эки куплет ыр жазган экен. Аны "Мыскыл жана тамаша" долбооруна алып келип аткарганда элдин алкоосуна татыган. Ошондон кийин ага эл "Шорпо" деген атты ээнчилеп берген.