БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. "Царица" шоусуна катышып жаткан Бегимай Турусбековага кийинки турга өттү.
Ал "Песенка о морском дьяволе" аттуу чыгарманы аткарган.
Кыргызстандык ырчынын талантын калыстар тобу дайыма жогору баалап келген. Бирок бул оңой болгон жок, тагыраагы төмөн упай топтогон үч катышуучунун катарына кирип калды. Калыстарга Бегимайдын вокалы жакканы менен актердук чеберчилиги анча купулуна толгон эмес.
Анткен менен жалпы жыйынтык боюнча долбоордон эң жаш катышуучу Яна Мартин кетти, ал эми Бегимай финалга жолун улантмакчы.
Кыргызстандык ырчы буга чейинки турларда дагы эң мыкты аткаруулары менен калыстардын жогорку баасына татып келген. Соңку турларда "Фабрика звезд" долбоорунун жеңүүчүсү Дмитрий Колдун менен "Царевна", андан кийин Александр Басилая жана Юрий Ряшенцевдин "Арго" аталышындагы чыгарманы тартуулаган. Анан "Синий иней" ырын да жогорку чеберчиликте.