Жапаров Салык кызматынын төрагасы менен орун басарын иштен алды

Жетекчилер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен мыйзам бузууларга барышкан деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычев тергөө аяктаганга чейин кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка министрлек кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.
Салык кызматын убактылуу Кыдыкбек Кыдыров башкарып турмакчы.
Буга чейин УКМК Салык кызматынын төрагасы Абдувапов менен орун басары Кыдыргычевди кармап, 20-январга чейин камакка алынган.
Жетекчилер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен мыйзам бузууларга барышкан деп шектелүүдө.
Мөңгү талкаланган. "Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кармалды