Педагогикалык ойлор, билим берүүнүн тарыхы боюнча китеп жарык көрдү

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын педагогдору жана билим берүүнүн тарыхына кызыккандардын китеп текчеси дагы бир эмгекке толукталды.
Борбор калаада педагогика илимдеринин доктору, профессор Салидин Калдыбаев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Бейшеналиев жазган Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы деп аталган китептин бет ачары болду.
Китепте педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн байыркы мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолу, өнүгүү процессии иликтенген. Анда билим берүүнүн жана тарбиялоонун пайда болушу, өлкөлөрдүн өнүгүүсүндө ролу, атактуу аалымдардын жана ойчулдардын, философтордун жана педагогдордун билим берүү жана жаш муунду тарбиялоо тууралуу ойлору баяндалат.

“Бул окуу куралы педагогика багытында билим алып жаткан студенттерге, педагогика боюнча илимий иштер менен алектенген магистранттарга, аспиранттарга, кесиптик билимин жогорулатуу курстарынын угуучуларына, педагогдорго пайдалуу болот”, — дешти китептин максатын, структурасын, философиясын, өзгөчөлүктөрүн баса белгилеген авторлор.

Россотрудничество Кыргызстандагы мектептерге 3000 китеп берди