БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Парламенттин экс-төрагасы Канатбек Исаев башка жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду. Бул туурасында Sputnik агенттигине анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев айтты.
Чечимди Октябрь райондук соту кабыл алган. Исаев Кылмыш Жаза кодексинин "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо" беренеси менен күнөөлөнүп жатканын жактоочусу билдирди. Ал быйылкы жылдын 20-ноябрында кармалган.
Исаев Жогорку Кеңештин депутаты, Токмок шаарынын мэри, президенттин Чүй облусу боюнча өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы бир айга жетпеген убакытка парламенттин спикери болуп турган.