БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Соңку аптада рублдин бекемделе баштаганы байкалууда. Мындай бүтүм соңку валюталык операциялардан улам болуп жатат.
Маселен, ноябрдын этеги жана декабрдын башында доллардын расмий курсу 100 рублден ашкан (Россиянын Борбордук банкынын маалыматы). Маселен, 2-декабрда ал 107,7 рубль болгон, бирок акырындык менен төмөндөп, бүгүн 99,4 рублге түштү.
Кыргызстандагы маалыматтар:
рублдин сатып алуу курсу — 2-декабрда 79,9 сом (бүгүн — 85,4 сом)
рублдин сатуу курсу — 2-декабрда — 84,5 сом (бүгүн — 89,4 сом)