Радио

Депозиттерди коргоо агенттигинин фонду эки жылда 10 млрд. сомго жетет

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев калктын банктарга салган депозиттеринин көлөмү өсүп, каржы системасына ишеним жогорулаганын айтты.
Sputnik
Депозиттерди коргоо агенттигинин фондун эки жылда 10 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын жыйынтыгы менен фонд 1,6 миллиард сомго көбөйүп, жалпы 7,3 миллиард сомду түзөт.
"Депозиттерди коргоо агенттигинин негизги максаты — финансы системасынын туруктуулугуна салым кошуп, тиешелүү иштерди жүргүзүү. Быйыл агенттик алдына коюлган планды толугу менен аткарып, жакшы көрсөткүчтөргө жетти. Депозиттерди коргоо агенттигинин фонду 11 айдын көрсөткүчү боюнча 7,1 миллиард сомду түздү. Быйыл фонд 1,6 миллиард сомго көбөйүп, жыл аягына чейин 7,3 миллиард сомду түзөт деп турабыз. Анализдер боюнча болжол менен эки жылда 10 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Калктын банктарга салган депозиттеринин көлөмү өсүп, каржы системасына ишеним жогорулап калды. Биз мындан ары да маалыматтык кампанияны токтотпойбуз", — деди Букуев.
Ошондой эле ал агенттик дедолларизация саясатына көңүл буруп, депозиттерди улуттук валютада сактоого артыкчылык берилерин кошумчалады.