БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Арстандын болжол менен алты айлык күчүгүн Бишкектеги жаныбарлар багылган жайга таштап кетишкен. Бул тууралуу баш калаадагы Zoobishkek реабилитациялык зоопаркынан билдиришти.
Аталган мекемеден жаныбардын кайдан келгенин, мурдагы ээсин тактай албай койгондуктарын айтышты. Себеби, алып келген "курьер" күчүктүн кожоюну жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан.
Россиялык консультанттар арстандын баласы болжол менен жарым жашта экенин, ичеги-карынында, кулагында мандем бар экенин айтышып, андан сырткары артрит деген да диагноз коюшкан. Күчүк алсыз болгондуктан жакшы ирдене албай жатканы маалым болду. Зоопарктагылар ага Лея деген ат берип, учурда адистер тыкыр карап, дарылап жатышат.
Zoobishkek борборунун администрациясы социалдык тармакта жаныбардын ден соолугун чыңдоого каражат чогултулуп жатканын, жардам берүүнү каалагандардан колдоо кабыл алынарын билдиришти.