Америка президенти 80 миң америкалык аскер Европада жайгашканын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Конгресске кайрылуусунда Европада 80 миң америкалык аскер кызматкери бар экенин маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын пикиринде, жоокерлер Россиянын "агрессиясын токтотуу" максатында жөнөтүлгөн.
"АКШнын куралдуу күчтөрүнүн 80 миңге жакын аскер кызматкери Түндүк атлантикалык альянска мүчө болгон Европа мамлекеттерине жайгаштырылган же жөнөтүлгөн", — деп жазылган Байдендин Конгресске жөнөткөн катында.
АКШ президентинин айтымында, бул аскерлер "союздаштарды тынчтандыруу" жана "Россиянын мындан ары мүмкүн болуучу агрессиясынын алдын алуу" үчүн ал жакта жайгаштырылган.
Февраль айында Россия президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Москва НАТО өлкөлөрүнө чабуул жасоону пландабай турганын жана мунун эч кандай мааниси жок экенин белгилеген.
Путиндин айтымында, Батыш саясатчылары элин "Россия коркунучу" аркылуу калктын көңүлүн ички көйгөйлөрдөн алаксытууга аракет кылышат, бирок ой калчаган адамдар бул фейк экенин жакшы түшүнүшөрүн белгилеген Россия лидери.
РФ президенти: Батыш Украинадагы чыңалууну атайылап курчутууда