Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жолду ачты. Долбоордун алкагында эки чоң көпүрө да салынган: бирөө Кара-Дарыядан өтүп, узундугу 197 метрди түзсө, экинчиси Жазы дарыясынан өтүп, 77 метр узундукта.жолдо мал айдап өтүүгө жана ары-бери каттоо үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду”, — деди Жапаров. Ал былтыр Өзгөн шаарынын жана өлкөнүн башка аймактарындагы айланма жолдорду салуу, тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлык чыгарганын эске салды. Эске салсак, Өзгөн айланма жолу өлкөдөгү биринчи акы төлөнүүчү жол. Андан өтө турган айдоочулар үчүн баалар: жеңил унаалар менен мотоциклдер үчүн — 200 сом; чакан жүк ташуучу унаалар жана автобустар үчүн — 350 сом; жүк ташуучу унаалар үчүн — 700 сом.
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычев 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.Буга чейин Абдувапов менен Кыдыргычевдин кармалганын УКМК билдирген. Атайын кызматтын айтымында, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон иштин алкагында кармалган. Аталган иш боюнча алкоголдук суусундуктарды, кант кошулган продукцияны, тамекини өндүргөндөр жана импортерлор өлкөнүн түштүгүнө товарды жеткирип, андан кийин жүк коштоочу документтерди артка чакыртып алып турган. Ал эми салыкчылар муну көрмөксөнгө салып, быйыл эле жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашкан акциздик товардын документин артка чакыртылышын көз жаздымда калтырышканы айтылган. Эске салсак, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте салыкчылар коррупциялык схема түзгөнүн айтып, түйүндүн учугу жетекчилерине чейин жетиши кытымал экенин белгилеген.
Кыргызстанда жаңы жылдан тарта өзгөчө статусу бар бийик тоолуу, барууга кыйын болгон жана чек ара аймактарындагы үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөнөт. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Анда:үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн ар бир балага, алар 3 жашка чыкканга чейин үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жөлөкпул дайындоо жөлөк пулдун өлчөмү менен тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
АКШ президенти Жозеф Байден Конгресске кайрылуусунда Европада 80 миң америкалык аскер кызматкери бар экенин маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын пикиринде, жоокерлер Россиянын "агрессиясын токтотуу" максатында жөнөтүлгөн.АКШ президентинин айтымында, бул аскерлер "союздаштарды тынчтандыруу" жана "Россиянын мындан ары мүмкүн болуучу агрессиясынын алдын алуу" үчүн ал жакта жайгаштырылган. Февраль айында Россия президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Москва НАТО өлкөлөрүнө чабуул жасоону пландабай турганын жана мунун эч кандай мааниси жок экенин белгилеген. Путиндин айтымында, Батыш саясатчылары элин "Россия коркунучу" аркылуу калктын көңүлүн ички көйгөйлөрдөн алаксытууга аракет кылышат, бирок ой калчаган адамдар бул фейк экенин жакшы түшүнүшөрүн белгилеген Россия лидери.